Мода дүйнөсүн кылдат чагылдырган "Prada" кийген азезил" романынын уландысы жарык көрөт. Жазуучу Лорен Вайсбергер кызуу талкуу жараткан китептин экинчи бөлүгүн чыгаруу алдында турат. Бирок бул жолу сюжет улуу урматтуу Миранда Пристли жөнүндө эмес, анын жардамчысы Эмили Чарлтон тууралуу болмокчу.
Жаңы романда Эмили мурункудай эле мода дүйнөсүндө эмгектенет. Бирок Пристлинин жардамчысы эмес, атактуулардын имидж боюнча кеңешчиси катары ишин улантат. Алдын ала маалыматтарга караганда, роман "Жашоо сага лимонад бергенде" деп аталышы мүмкүн. Ошондой эле романдын негизинде тасма да тартылат. Анда башкы каармандардан сырткары Энн Хэтэуэйдин да тартылуусу күтүлүүдө. Бирок азырынча фильмдин сюжети тууралуу бир да маалымат айтыла элек.
Лорен Вейсбергдин жаңы романы 2018-жылдын 5-июнунда сатыкка чыгат.