Салянованын сотундагы күбө: "Елисеевдин лицензиясын узартууда мыйзам бузуу болгон эмес"

Бүгүн, 20-декабрь күнү Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иши каралууда.

Отурумдун жүрүшүндө Юстиция министрлигинин мурдагы кызматкери Гүлзат Жумазаева суралды. Ал 2010-жылдан 2016-жылга чейин аталган министрликте иштегенин, анын ичинде 5 жыл квалификациялык комиссиянын катчысы болгонун айтты.

"Ошол учурдагы мыйзамдарга ылайык, Елисеевдин жактоочулук лицензиясын узартпай коюуга болмок эмес. Анткени андай аракеттер мыйзам бузуу болуп эсептелмек. Ошондой эле мага сурак учурдагы көрсөтүлгөн документтер боюнча да Елисеевдин лицензиясын узартууда мыйзам бузуу болгон эмес", - деди күбө.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн режимде 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан