Бишкекке биринчи жолу трофи-турдун алкагында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун кубогу 5-февралда алынып келет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынан билдиришти.
"Орусияда өтө турган футбол боюнча 21-Дүйнө чемпиондуктун алдында Дүйнө кубогу Бишкек шаарына алынып келет. 2018-жылы 5-февраль күнү кубок атайын учак менен жеткирилет", - дешти федерациядан.
Айта кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун кубогунун трофи-туру 9-сентябрь күнү Москвада старт алган. Турдун алкагында трофей 50дөн ашык өлкөнү кыдырат. 2018-жылдын май айында кубок Орусияга алынып келип, трофи-тур Дүйнө чемпиондугу башталарга жакын Москвада жыйынтыкталат.
Кубоктун салмагы 6,142 килограмм. Аны Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрү жана өлкө башчылары гана кармай алышат.