Октябрь айында Түрк полициясынын ур-токмогуна туш болгон Кыргыз жараны Р.Арипова 17-декабрда элчиликтин жардамы менен мекенине кайтарылды.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал октябрь айынан бери Түркиянын Адан шаарында ооруканада дарыланып жаткан. Элчиликтин кызматкерлери Арипованын зарыл болгон дарылануу процедуралары аягына чыккандан кийин Стамбул транзиттик каттамы аркылуу Бишкекке жиберишкен. Азыр ал жакындарынын жанында.
Учурда Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилиги жана Стамбул шаарындагы башкы консулдук Арипованы ур-токмокко алган полиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо үчүн Түркиянын сот органдары менен иш алып барууда. Соттук отурум 2018-жылдын март айына пландалган.
Белгилей кетсек, октябрь айында Түркияда полиция кызматкерлеринин ур-токмогуна кабылган аялдын видеосу интернетке тараган. Кийинчерээк ал Кыргыз жараны экени белгилүү болгон. Бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да айтылган.