Салянованын иши каралып жаткан соттук отурум түштөн кийин уланат

Бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралды. Анын жүрүшүндө күбөлөр суралып бүтүп, кылмыш ишин изилдөө башталды. Отурумда 7 томдон турган кылмыш ишинин 1, 2, 3-томдору изилденди.

Отурумдун жүрүшүндө түштөнүү убактысы болуп калганына байланыштуу сот отурумду түштөн кийин улантуу чечимин кабыл алды.

Бирок Салянова ооруп жатканын айтып отурумду башка күнгө жылдырууну өтүндү. Сот ага керектүү документтерди алып келүүсүн талап кылып түштөн кийин анын өтүнүчүн карап көрөрүн айтты.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн режимде 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан