Бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соттук иши түштөн кийин уланмак. Бирок Салянованын дене табы көтөрүлүп, ооруп калганына байланыштуу отурумду башка күнгө жылдыруу боюнча жактоочусу өтүнүч келтирди. Ошону менен бирге Салянованын ооруп жатканы тууралуу дарыгердин жазып берген маалым катын сотко көрсөттү. Сот маселени карап отурумду эртең, 20-декабрда саат 10:00дө улантуу чечимин чыгарды.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн режимде 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.