ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2017: Кыргыз дзюдочулары быйылкы жылы 21 алдынкы орундарды багындырды

2017-жылы Кыргыз дзюдочулары бир топ эл аралык мелдештерге катышты. Алардын жыйынтыгы менен биздин спортчулар жалпы 3 алтын, 6 күмүш жана 12 коло медаль жеңгенге үлгүрүштү.

Бул жылы Кыргыз өлкөсү жаштар арасындагы Азия чемпиондугун кабыл алышты. Анда бир топ Кыргыз спортчулар айырмаланып медалдарды жеңип Кыргыз желегин желбиретти. Жыл ичинде эркектер арасында Юрий Краковецкий, Адиль Мырзаев жана Владимир Золоев мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтсө, кыздар арасында Айгерим Избасканова жана Ксения Бельдягина гана мыкты көрсөткүчкө жетишти.

Юрий Краковецкий - Кыргыз өлкөсүнүн дзюдо курамасынын лидери

2017-жылда Кыргыз дзюдочуларынын арасында мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп келген спортчу Юрий Краковецкий болду. Краковецкий 2009-жылдан баштап эл аралык мелдештерге катышып келүүдө. Эске сала кетсек, быйылкы жылга чейин спортчу эл аралык майданда 3 күмүш жана 7 коло медалды багындырган. Арасынан "Рио-2016" Олимпиадасында 7-орунга татыганын өзгөчө бөлүп кароого болот.

Ушул жыл ичинде Юрий Краковецкий ар түрдүү эл аралык мелдештерге катышып 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль жеңип алды.

2017-жылы Краковецкий алгачкы медалды апрелде өткөн “Antalya Grand Prix-2017” мелдешинде жеңди. Анда Юрий Краковецкий 100 килограммдан жогорку салмак ченинде 21 спортчунун арасынан 2-орунду ээледи. Кыргыз дзюдочу орус, түрк жана азербайжандык атаандаштарын жеңип, финалга карай бет алган. Финалда Краковецкий “Рио-2016” Олимпиадасынын жеңүүчүсү чехиялык Лукаш Крпалек менен кез келип, жеңилүүгө дуушар болду. Муну менен Юрий Краковецкий күмүш медалга татыды.

Май айында Азербайжандын Баку шаарында өткөн Ислам тилектештик оюндарында Юрий Краковецкий алтын медалга ээ болуп, Кыргыз желегин желбиретти. Мелдештин жүрүшүнүн чейрек финалында марокколук дзюдочуну, жарым финалда казакстандык Эламан Ергалиевди жеңип алган. Финалдык беттеште Кыргыз дзюдочу алжирдик Надииб Теммард менен кез келип, аны жеңип, алтын медаль тагынды.

Ошол эле айда Краковецкий Азия чемпиондугуна катышты. Чейрек финалдык баскычтан күрөшүп баштаган Кыргыз дзюдочу алгачкы беттеште эле өзбекстандык Мухшин Хисомединовду жеңип жарым финалга аттанды. Анда Краковецкий, тилекке каршы, кореялык спортчудан жеңилүү ызасын тартып коло медаль үчүн гана күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алып калган. Коло медаль үчүн беттеште биздин спортчу казакстандык Эламан Эргалиевге туш келди. Кызуу беттештин жыйынтыгында Юрий Краковецкий жеңүүчү болуп, коло медалды илип кеткен.

Октябрь айында Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн "Grand Prix Tashkent 2017" мелдешинде Юрий Краковецкий күмүш медалына татыды. Анда Кыргыз дзюдочу алгачкы беттешинде өзбекстандык Ихтиор Халмуратовду, жарым финалда дагы бир өзбекстандык спортчуга туш келип жеңишке жеткен. Финалда Юрий Краковецкий израилдик Ор Сассон менен беттешип 0:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Бул жыйынтык менен Кыргыз спортчусу күмүш медалды тагынды.

Учурда Юрий Краковецкий эл аралык дзюдо федерациясынын 100 килограммдан жогорку салмак категориядагы спортчулардын арасындагы рейтингде 11-орунда жайгашууда.

Владимир Золоев өлкөгө медаль тарткандардын катарында

Владимир Золоев Кыргыз өлкөсүндө дзюдо боюнча 81 килограммга чейинки салмак категориясында эң алдынкы спортчу. Бул жылы ал жалпы 6 эл аралык мелдешке катышып 3 медалга ээ болду.

Владимир Золоев үчүн 2017-жылы алгачкы мелдеш Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндары болду. Анда Кыргыз дзюдочусу жарым финалдык беттеште жеңилүү ызасын тартып, коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Анда Золоев татамиге сириялык Мохаммад Касем менен кез келип жеңишке жеткен.

Ошол эле айда Владимир Золоев Азия чемпиондугуна катышып дагы бир медаль жеңгенге үлгүрдү. Анда Кыргыз дзюдочусу жарым чейрек финалдык баскычтан күрөшүп баштаган. Алгач тажикстандык спортчуну жеңип, кийинки беттеште монголиялык дзюдочунун үстүнөн жеңишке жеткенге үлгүрдү. Жарым финалдык беттеште Золоев, тилекке каршы, ирандык Саид Моллаиге жеңилип калды. Коло медаль үчүн күрөшкө монголиялык Дагвасурен Нямсурен менен кез келип, аны жеңилүүгө дуушар кылган.

Июль айында Владимир Золоев Минск шаарында өткөн Европанын Ачык чемпиондугуна катышты. Анда Кыргыз спортчу бир топ күч жумшап, байгелүү орунга илинди. 1/16 финалдык бөлүктөн күрөшүп баштаган Золоев украиналык жана испандык спортчуларга эч мүмкүнчүлүк бербей жеңишке жетти. Чейрек финалда Владимир Золоев орусиялык дзюдочуга туш келип жеңилип калды. Көңүл жубатуучу беттештерди өтүп коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган Золоев бардык күчүн жумшап байгени жеңгенге үлгүрдү. Алгачкы көңүл жубатуучу беттеште португалиялык спортчунун үстүнөн жеңишке жетип, кийинки беттеште армениялык Андраник Чапарянды жеңип, коло медалдын ээси болду.

Бул жетишкендиктер менен Владимир Золоев жыл аягында Дүйнө рейтингинде 81 килограммга чейинки салмак категорияда 41-орунга ээ болду.

Айгерим Избасканова Азия чемпиондугундагы жалгыз медалдын ээси

Кыздар арасындагы мелдештерде Кыргыз курама командасынын дзюдочулары 2017-жылы эл аралык деңгээлде Кыргыз капчыгына 1 медаль гана алып келди. Бул медалды Айгерим Избасканова жеңип алды. Ал Бишкек шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна катышып, коло медалга ээ болду. Айгерим Избасканова коло медаль үчүн беттеште ирандык Мохадесех Хоссейнини менен күч сынашып анын үстүнөн жеңишке жетти.

Ксения Бельдягина кыздар арасындагы дзюдочулардын алдынкысы

Кыздар арасындагы мелдештерде Кыргыз курама командасынын алдынкы дзюдочусу Ксения Бельдягина 2017-жылы 4 эл аралык мелдешке катышты. Бул мелдештерде ийгиликке жетишкен спортчулардан Бельдягина бир кадам гана артта калды. “Antalya Grand Prix-2017” жана Ислам тилектештик оюнарына катышкан. Ксения Бельдягина коло медаль үчүн беттештерде жеңилүү ызасын тартып мелдештердин жыйынтыгында 5-орунга татыды.

Жыл ичинде медалдарды жеңген спортчулар (жалпы 21 медаль):

Алтын медалдар (3 медаль):

  • Юрий Краковецкий - Ислам тилектештик оюндары;
  • Адиль Мырзаев - Жаштар арасындагы Азия чемпиондугу;
  • Жаркынбек Шамбетов - Ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугу;

Күмүш медалдар (6 медаль):

  • Бектур Рысмамбетов - “Antalya Grand Prix-2017” эл аралык мелдеши;
  • Юрий Краковецкий (2 медаль) - “Antalya Grand Prix-2017” жана "Grand Prix Tashkent-2017" эл аралык мелдештери;
  • Артур Те - "Minsk European Open 2017" мелдешинде;
  • Нурислам Иличбек уулу - Жаштар арасындагы Азия чемпиондугу;

Коло медалдар (12 медаль):

  • Владимир Золоев (3 медаль) - Ислам тилектештик оюндары, Азия чемпиондугу жана "Minsk European Open 2017" мелдештеринде;
  • Юрий Краковецкий - Азия чемпиондугу;
  • Отар Бестаев - Ислам тилектештик оюндары;
  • Бектур Рысмамбетов - Ислам тилектештик оюндары;
  • Кубанычбек Айбек уулу - Жаштар арасындагы Азия чемпиондугу;
  • Хамид Сансанза - Жаштар арасындагы Азия чемпиондугу;
  • Айгерим Избасканова - Жаштар арасындагы Азия чемпиондугу;
  • Эрлан Шеров - Жаштар арасындагы Азия чемпиондугу;
  • Ильгиз Каналбек уулу - XXIII жайкы сурдлимпиадалык оюндары.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karashire
2017-12-31 12:15:47
Биринчи орунда ким экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан