Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын алгачкы турунда киргизген Женк Тосундун голу мыкты болуп саналды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, УЕФА Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычындагы мыкты голду түркиялык "Бешикташ" футболдук клубунун оюнчусу Женк Тосун киргизди деп жарыялады. Женк Тосун "Порту" футболдук клубу менен болгон беттеште айырмаланган. Женк Тосундун алыскы аралыктан узатылган соккусу Икер Касильястын дарбазасына кирип кеткен. Беттеш 13-сентябрда Португалияда орун алып, коноктордун жеңиши менен 3:1 эсебинде жыйынтыкталган.
Айта кетсек, "Бешикташ" жана "Порту" клубдары Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалына чыгышкан. Плей-оффто "Бешикташ" германиялык "Бавария" менен беттешсе", "Порту" англиялык "Ливерпуль" менен кез келет.