Ахматбек Келдибеков кайрадан Кыргыз өлкөсүнүн оор атлетика федерациясынын президенти болуп шайланды

Ахматбек Келдибеков кайрадан 4 жылдык мөөнөткө Кыргыз өлкөсүнүн оор атлетика федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына оор атлетика федерациясынын биринчи вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 19-декабрда Кыргыз өлкөсүнүн оор атлетика федерациясынын отчёттук-шайлоо жыйыны өткөрүлгөн. Анда президенттик орунга 1 кандидатура чыгарылган. Жыйынга катышкан 50 өкүл бир добуш менен Ахматбек Келдибековду федерациянын президенттигине шайлашты.

Андан тышкары Улан Молдодосов Кыргыз өлкөсүнүн оор атлетика федерациясынын биринчи вице-президенти кызматына шайланды. Буга чейин бул кызматты Каныбек Осмоналиев аткарган.

Айта кетсек, Ахматбек Келдибеков Кыргыз өлкөсүнүн оор атлетика федерациясынын президенти кызматына алгачкы жолу 2009-жылы шайланып, 2012-жылы кайрадан шайланган. Эми Ахматбек Келдибеков 2020-жылы Япониянын Токио шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына чейин федерациянын президенти кызматын аткарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-20 19:51:11
Бакиев келип министр болуп калса тан калбайм.
+7
engel
2017-12-20 20:07:15
Bolunbo.kyrgyz,точно!
+4
isabek1977
2017-12-20 20:05:36
Колунан иш келе турган кадрларды пайдаланыш керек.
+4
aydinnur
2017-12-20 20:16:31
Ууру келген экен да..
+4
bakulya2015
2017-12-20 21:17:35
Ии бул алги кишиби мурда соттолгон беле?
+1
Azatbek83
2017-12-20 21:18:27
Биринчи ишти корупциядан баштайм дебеди беле?!Мына эми корупциячылар чон кызматка келип олтуршат айткан созуно турду Соке ажонор!
+2
Benazir08
2017-12-20 21:23:47
Азамат Ахматбек сиз мн Алай эли эмес кыргыз журтчулугу сыймыктанат. 2020 га дешиптир Аллах узак омур берсин ошо кунго насип этсин уйбулонуз мн бактылуу болунуз. Эл не десе ошо дешсин. Сиз ото кыргыз элине керексиз далай иштерди аткаргансыз дагы да алдыда
-9
nurbegim_88
2017-12-22 03:09:55
Benazir08,эл не десе дей берсин деген сөзүң жакпады...
0
Benazir08
2017-12-20 21:24:30
Ото акылдууу киши бул биздин мектептен окуп буткон. Биздин уул
-6
moskoy
2017-12-21 15:30:48
Benazir08,Башканын тайы оскончо ,айылдашымдын аты озсун деген принцип калбайт экен го кыргыздан.Бул акылдуу кишин камчы колбаев менен Дубайда,колдо Капризде чардап жургон неме кыргызды жыргатмак беле.
0
Dembele84
2017-12-20 23:07:35
Ошол иштеп кеткен жылдары биздин спортчулар бир нерсе утканбы,жакшы жыйынтык болгрнбу,же башта иштеген деп эле кайра апкелип отургузуп койдубу?
0
Benazir08
2017-12-20 23:45:45
Короче Акыш норм ото эр журок. Кыскасы эркек
-4
Alinur96kg
2017-12-21 00:11:04
Benazir08,Эркек экенин коргозду беле?Же сен да токолдорунун бирисинби?
+4
Benazir08
2017-12-20 23:47:04
Президентке да татыктууу эле бирок жалан эле бизде 60 жашта болушат окшойт мумкун 60 жашында Ажо бп калабы ким билет. Ийгилик ишинизге. Сизге биз дуба гана кылып колдойбуз. Жолунузду ачсын.
-3
Arsenal93.
2017-12-21 00:39:56
Шайлоодо сокеге чуркагандын баарына кресло обешайтеткен да.Ушинте берсе кайдагы осуу болот Кыргызстанда ар бир ишти озунун профессианалдары аткарса осуу болмок кайдагы коррупцианерди алып келбей.Уят да эми ушул!
+3
Дарыгер
2017-12-21 02:33:50
Азаматсыз. Соке. Мен сизди колдойм. Калганынар туз жалагыла )))
-1
Ayida
2017-12-21 09:52:11
Жакшы адам Акматбек Келдибеков!Озунун колунан келген учун 2009 да болгон экен
-2
admin_superstan
2017-12-21 10:23:02
Adiletia, жеке айтышууларга жол берилбейт. Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. 3 күнгө БАН!
0
admin_superstan
2017-12-21 10:24:06
Benazir08, этика нормаларын сактаңыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан