Бүгүн, 20-декабрда Ысык-Көл районунда Ауди-100 жана БМВ үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, 8 адам жаракат алды. Жол кырсыгы Балыкчы-Каракол унаа жолунун 100-чакырымында саат 10:00 чамасында катталганын SUPER.KG'ге Ысык-Көл ОИИБинен тастыкташты.
Маалым болгондой, жол кырсыгынан жаракат алып ооруканага жаткырылган 8 адамдын ичинен 4 адам райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Ал эми ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы жол кырсыгы боюнча тийиштүү экспертиза жүргүзүп, кырсыктын себептерин иликтеп жатат.