Баткен облусунун Кадамжай районунда 2015-жылдын 18-апрелинде 54 жаштагы аялды унаасы менен сүзүп кетип, качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу 20-декабрда Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова кабарлады.
Маалым болгондой, 2015-жылы 18-апрелде райондогу Бирлик айыл аймагынын 33 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну өзүнүн унаасы менен 54 жаштагы аялды сүзүп кетип, кылмыш жоопкерчилигинен качып кеткен. Бирок Кадамжай РИИБинин милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында А.Ж. Ош шаарынан кармалган. Учурда ал убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергелип жатканын билдирди аталган кызмат.