Франциялык мушкер баш сөөгү сынып кеткенине карабай беттешти улантты

Франциялык тай-боксчу Жереми Баллас Таиландда өткөн эл аралык мелдеште башынан оор жаракат алганына карабай беттешти улантты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматка караганда, беттеш учурунда Жереми Баллас оор жаракат алууга дуушар болду. Атаандашынын чыканагы менен узаткан соккудан улам франциялык спортчунун баш сөөгү сынып кетип, маңдайы оңурайып кирип кеткен. Бирок буга карабай Баллас ооруну сезбей беттешти уланта берди. Калыс Жереми Балластын жаракатын байкап калып, спортчуну дарыгерге жиберген. Ошондо гана беттеш токтотулган.

Жереми Баллас ооруканага барып, баш сөөгүнө жасалган операциядан өттү. Спортчунун башындагы жаракат олуттуу деле эмес экени аныкталган.

Франциялык мушкердин башы бырыйып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nishantashmativa
2017-12-21 13:21:35
Көрүп жүрөк түшөткө эке

+1
Gumu007
2018-01-03 21:55:57
Футболистер кичине эле нерсеге жатып алат го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан