Лос-Анжелесте Голливуддун белгилүү актрисасы Мерил Стрипке каршы даярдалган плакаттар жана көчө жарнактары шаардын бир канча жерлерине, аны менен катар "20th Century Fox" киностудиясынын жана актрисанын үйүнүн жанына коюлган. Анда актриса менен Харви Вайнштейндин сүрөтү түшүрүлүп, актрисанын көзүнө "Ал билген" деген жазуу жазылган.
Белгилей кетсек, "Рэмбо", "Авиатор", "Биллди өлтүрүү" тасмаларына продюсерлик кылып жүргөн белгилүү продюсер Харви Вайнштейн фильмге тартылгысы келген актрисаларды төшөк мамилесине мажбурлаганы үчүн өзү иштеген "The Weinstein Company" кинокомпаниясынан жумуштан айдалган. Арадан көп өтпөй аны менен чогуу иштеген актриса Мерил Стрип "Алтын глобус" сыйлык тапшыруу аземине Голливуддагы зордук-зомбулуктарга каршы кара түстөгү көйнөк кийип келе турганын айткан. Мындан улам ага көптөр нааразы болуп "Ал Вайнштейндин кылыктарын мурда эле билчү. Бирок жашырып жүргөн, элге айткан эмес" деп айыптап чыгышкан. Ал эми актриса өзүн толугу менен актоого аракет кылган.
"Мен атайын унчукпай жүргөн жокмун, чынында эле билген эмесмин. Мен жаш кыздардын зордук-зомбулукка кабылуусун каалабайм", - деген ал.