Бишкек шаарынын Ленин районундагы турак жайлардын биринен 23-25 жаштардагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-декабрда болжол менен саат түнкү 11лерде ӨКМнын Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Токтоналиев көчөсүндөгү батирлердин биринин эшигин ачып беришкен. Натыйжада батирдин ичинен 23-25 жаштар чамасындагы кыздын жансыз денеси табылган. Куткаруучулар табылган жансыз денени милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.