Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы көмүр шахтасында иштеп жаткан жаран газга ууланып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-декабрда саат 20:40тар чамасында ӨКМнын куткаруучулары Кызыл-Кыя шаарындагы №15-шахтанын 80 метр тереңдигинде иштеп жатып газга ууланып каза болгон 38 жаштагы С.А. аттуу адамдын жансыз денесин алып чыгып беришкен. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирип беришкен.