Чүйдө 29 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип анын жигити кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 29 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип анын 26 жаштагы жигити кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-ноябрда Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы турак жайлардын биринен 29 жаштагы Б.Л. аттуу кыздын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында маркум Кант шаарынын тургуну экени, Ысык-Ата районундагы курбусуна конокко барганы белгилүү болгон.

Бул факты боюнча керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлө баштаган. Тергөө иштеринин натыйжасында 26 жаштагы Б.Р. аттуу жигити шектелип кармалган. Ал маркумдун жигити экенин жана ал маркумга каза болор күнү келип жаңжалдашып жатканын күбөлөр көргөндүгүн айтышкан.

Учурда шектүүгө карата 97-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
islamik
2017-12-21 11:18:42
Кудай сакта. 29 жаштагы кыздын жигити 26 жашта
-4
Dolbooruwka
2017-12-21 12:33:42
Адам олтуруу, кой сойгондой эле иш болуп калдыбы акыркы убакта.
+1
Nibiru.
2017-12-23 00:09:24
29 жаштагы кызды дегиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан