Жакында эле орус басылмаларынын бирине орус ырчысы Дима Биланды каза болду деген жалган маалымат чыккан. Бул жаңылык көптөрдү ойго салып, тынчсыздандыруу жараткан. Кечээ, 20-декабрда ырчы өзү бул боюнча билдирүү калтырып, маалыматты тараткан маалымат булагына нааразычылыгын билдирген.
"Мен бул жаңылыкты окуп, абдан ачууландым. Дароо иликтөө жүргүзүп, косметика саткан сайттардын бири өзүнө окурман топтоо иретинде ушундай жаңылыктарды жаза турганын аныктадым. Кээ бирөөлөр мени пиар үчүн ушундай кадамга барды деп ойлоп алышыптыр. Кечирип койгула, бирок мен мындай пиарга муктаж эмесмин", - деген ал.
Ошондой эле ырчынын өлүмү тууралуу маалымат чыкканда Биландын Орусиянын аймактарында боло турган концерттерине билет алып алгандар аны дароо кайтарып берүүгө да үлгүрүшкөнүн кошумчалаган.