Мода дүйнөсүнө таасири күчтүү атактуулардын тизмеси жарыяланды

Эл аралык "Lyst" аналитикалык компаниясы 100 миллиондон ашуун кардарлардын талабын эске алуу менен 2017-жылы мода дүйнөсүнө күчтүү таасир берген атактуулардын тизмесин жарыялады.

Белгилүү болгондой, 29 жаштагы ырчы Рианна коомчулук алдына кийип чыккан кийимдердин дээрлик баары дүкөндөрдүн кардарлары тарабынан чоң талапка ээ болот. Анын кызыл килемден өткөндөгү же көчөдө кийген, социалдык тармактарга жүктөгөн сүрөттөрүндөгү кийимдеринин баары абдан тез убакыттын ичинде сатылып кетет.

Ал эми 2-орунда мода дүйнөсүнө таасири күчтүү атактуулардын катарын Селена Гомес толуктаса, 3-орунду модель Белла Хадид ээлеген. Андан соң жакында эле ханзаада Гарриге турмушка чыга турганы маалым болгон актриса Меган Маркл, андан кийинки сапта ханбийке Кейт Миддлтон турса, 6-орунду АКШнын биринчи канайымы Меланья Трамп ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
anandi
2017-12-21 23:44:37
Гомес+++++
+2
NIkalike
2017-12-21 23:54:05
Мага баарыбир, кийимим бутун, ынгайлуу болсо болду.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан