Балыкчы-Каракол унаа жолундагы жол кырсыгынан жаракат алган 8 адамдын бири каза болду

Кечээ, 20-декабрда Балыкчы-Каракол унаа жолундагы жол кырсыгынан жаракат алган 8 адамдын бири каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, Ысык-Көл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан жол кырсыгына кабылган унаалардын биринин айдоочусу бүгүн, 21-декабрда саат 10:00дөр чамасында каза болгон.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-декабрда Ысык-Көл районунда Ауди-100 жана БМВ үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, 8 адам жаракат алганы тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан