Түштүк Кореянын Чечхон шаарындагы 8 кабаттуу имараттан чыккан өрттөн 29 адам каза болгонун 21-декабрда чет элдик ЖМКлар жазды. Расмий маалыматтарга караганда, өрттүн кесепетинен дагы 28 адам жаракат алып ооруканага жиберилди. Учурда кырсык болгон жерде куткаруучулар жана дарыгерлер иш алып барышууда. Куткаруучулар имаратта толугу менен издөө иштерин аяктай элек болгондуктан каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экендиги кабарланууда.
Айрым маалыматтарга караганда өрт имараттын астындагы унаа токтотуучу жайынан чыгып, андан кийин имараттын башка кабаттарына жайылып кеткен. Бул жайда иш кеңселер жана фитнес-борбор болгон.