Орусиянын Москва шаарына залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулат. Эстеликти орнотуу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мамлекеттик сатып алуулар порталына 20-декабрда тендер жарыялады. Ал эми эстелик тургузуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 28 миллион сом каражат бөлүнүүдө.
Эстелик 2015-жылы Айтматовдун өзүнүн аты берилген скверге коюлмакчы.
Бул иш 2018-жылы жазуучунун 90 жылдыгын белгилөө чараларынын алкагында ишке ашууда.