
Белгилүү америкалык актёр, кинорежиссёр Жонни Депптин мурунку сүйүктүүсү, франциялык ырчы, актриса жана модель Венесса Паради "Ак той" "Кафе де Флор" жана башка тасмалары аркылуу таанымал. Ал 1972-жылы 22-декабрда туулган. Бүгүн 45 жашка толду. Мындан улам ал тууралуу кызыктуу фактылар менен бөлүшүүнү туура көрдүк.

- Атактуулук 14 жаштагы окуучу кезинде келген. Анда туугандарынын бири ыр жазып берип, ал ырды аткарган Венесса таанымал ырчыга айланган;
- "Joe le taxi" чыгармасын аткарган соң миллиондогон күйөрмандарды топтогон. 15 жашында алгачкы альбомун чыгарып, ал тез арада сатылып кеткен;
- Францияда атактуулуктун туу чокусуна чыгып, журналисттердин суроолоруна тайманбай жооп берген ырчы АКШга көчүп келгенде жашоосу түп-тамыры менен өзгөрөт. Англис тилин жакшы билбегендиктен көчөдөгү эл менен баарлашып жүрүп, жаргондор менен сүйлөөнү өздөштүрөт;
- Ырчылыктан жетиштүү деңгээлдеги атак-даңк топтогон Паради өзүн актриса катары сынап көрүүнү чечкен;
- 17 жашында алгачкы жолу "Ак той" тасмасына тартылган. Бирок аткарган ролу үчүн бир канча сынга кабылган актриса, 5 жылга чейин киного тартылуудан баш тартып жүргөн;
- Актёр Жонни Депп менен жарандык никеде жашап, 2 балалуу болушкан. Кийин эч кандай ызы-чуусу жок эле ажырашып, актёр балдарына Голливуддан үй алып берген.
22-декабрдын жылнаамасы.