Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда турак жай өрттөнүп, 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ысык-Ата районунун Кировка айылындагы турак жайлардын бири өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат эртең менен саат 07:30 чамасында келип түшкөн. Жерине барган өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери болжол менен саат 8:00дө толук өчүрүшкөн. Кийин өрттөнгөн турак жайдын ичинен 1 адамдын жансыз денеси табылган. Учурда маркумдун аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.