Бүгүн, 22-декабрда Бишкек шаарындагы "Галерея М" сүрөт галереясында "Кышкы маанай" аталышындагы көргөзмөнүн ачылышы өттү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары SUPER.KG порталына маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, сүрөт көргөзмө 2018-жылдын 22-январына чейин улантылат. Сүрөт көргөзмөдөн кыргыздын белгилүү кыл калемгерлери - Алексей Каменский, Алапай Абдыкасымов, Наталья Копелович, Сабиджан Бабаджанов, Халида Шимова, Нюргуяна Иннокентьева, Момунбек Астар жана башкалардын эмгектери орун алган.
Сүрөт көргөзмөгө келгендер живопись, графика, скульптурага жана кийизден жасалган кол эмгектерге күбө болушат.
Жылдын ар бир мезгили жаратылышка ажайып кооздукту тартуулай тургандыгын чагылдырган сүрөт көргөзмөнүн алкагында тажрыйбалуу кыл калем ээлери жаш сүрөтчүлөргө мастер-класс өтүшөт. Иш-чарага келген коноктор кыштын ызгаар суугунда аяздуу мезгилдин түрдүү өңүттө тартылган сүрөттөрүнө күбө болуп, жан дүйнөсүн жылытып кетишет.