Бишкекте курал менен дүкөндү жана жаранды тоногон деп шектелип 2 жаран кармалды

Бишкек шаарында жаранды тапанча менен коркутуп жана дүкөндү тоногон деп шектелип 2 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17 жаштагы М.А. аттуу жаранга 9-декабрда түнкү саат 23:00дөр чамасында белгисиз 3 адам Калык Акиев жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде тапанча такап, уюлдук телефонун тартып алышканын айтып арыз менен милицияга кайрылган.

Ошондой эле 10-декабрда милицияга Жусуп Турусбеков көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринен 3 белгисиз адам тапанча менен коркутуп, 19 миң сом алып кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Бирок дүкөндүн ээси каракчылардын кандай унаага түшүп кетишкенин, анын номерин көрүүгө үлгүргөн.

"Бул факты боюнча милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада шектүү катары Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы Д.Т. жана 17 жаштагы Ж.А. аттуу 2 тургунун кармашкан. Аларга карата 168-берене (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Учурда 3-шектүүнү издөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан