Нарын облусунда айдоочу жол эрежесин бузганын айткан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерине кол көтөрүп, анын видеорегистраторун талкалап салган. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган окуя 21-декабрда саат 11:50лөр чамасында орун алган. Анда мүмкүн эмес болгон жайга токтотулган Тойота-Гайя үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери эрежени бузганын айтып, унаанын документтерин сураган. Айдоочу ага орой жооп берип, ортодо кайым айтышуу орун алган. Натыйжада айдоочу унаасынан түшүп, милиция кызматкерине кол көтөрүп, анын төшүндөгү видеорегистраторун талкалап салган.
Кийин кызмат учурундагы милиция кызматкерине кол көтөргөн делип 40 жаштагы Б.Б. аттуу айдоочу убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, ага карата кылмыш иши козголгон.