Чүй облусундагы Токмок шаарына жана аталган шаардын жанындагы Чүй айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Мындай чечим Чүй облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан 19-декабрда кабыл алынды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан SUPER.KG'ге 22-декабрда билдиришти.
"Токмок шаарында жана Чүй айылында жер алдынан чыккан суунун деңгээли көтөрүлүп, айрым үйлөрдүн жер төлөлөрүн суу каптаган. Учурда аталган аймакта тийиштүү мекемелердин кызматкерлери иштеп жатышат", - дешти маалымат кызматынан.