"Тамашоу" Лигасынын X сезонунун чейрек финалында Кайрат Кыргызды бийлетип, Азамат Байматовдун саатын сурап алган "Ошингтон" командасы жеңди

22-декабрда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында "Тамашоу" Лигасынын 10-сезонунун чейрек финалы болуп өттү. Анда "Ала-Тоо", "Ошингтон", "National", "Stud life", "Нур ивент", "Ацтек", "Мурас", "МК шоу", "Келечек", "Ой, бай", "Оригинал", " Юристтер", " Нацвегас" командалары ат салышты.

Шайыр жана тапкыч командаларга режиссёр Рысбек Жабиров, Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча курама командасынын капитаны Азамат Байматов, ырчы Кайрат Кыргыз, стилист-дизайнер Замира Молдошева, телеалпаруучу Нурзат Токтосунова, "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Мирлан Өмүралиев жана "Универсал" командасынын капитаны Калыбек Турдубаев калыстык кылышты.

Оюндун башында сынактан тышкары "Ким тапан" оюну ойнолду. Анда Рысбек Жабиров: "Кайрат Кыргызды кимге окшоштурасыңар?" - деген суроо узатты.

Ага "Ошингтон" командасы: "Мерген Тургандын сиңдисине окшош" деп жооп берсе, " Ала-Тоо" командасы: "Рысбек Жабировдун жаш кезине окшош" деп жооп беришти.

Футболчу Азамат Байматовдун "Футболкамды кимге берсем?" деген суроосуна "Нур ивент" командасынын оюнчусу "Түшүмдө сиз мага футболка берип жатыптырсыз" деп жооп берди.

Оюнду алгач "National" командасы баштап берди. Алар коомдо талкуу жараткан көп аялдуулук маселесин юмор аркылуу чагылдырышты. Ошондой эле ырчы Омардын күйөрман кыздарынын абалы жөнүндө тамаша көрсөтүп өтүштү.

Андан соң "Ала-Тоо" сахнага жаңы жылдык маанай менен чыгышты. "Америкада Санта Клаус болсо бизде Сары Клаус" деген тамашаны аткарып, залды күлкүгө бөлөштү. Ошондой эле өзбек элинин президенти "Мирзийоевди чакырышып" ал кыргыз-өзбек маселесин тамашага салып өттү.

Оюнду Оштон келген "Ошингтон" командасы жыйынтыктады. Алар Кайрат Кыргызды бийлетип, Азамат Байматовдун саатын сурап алды. Мындан тышкары президент Сооронбай Жээнбековду туурап, көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөштү.

Оюнга ардактуу конок катары Оштон "No name" жана "Универсал" командалары чакырылган. "Тамашоуго" келгендер аталган командаларды кол чаап, кубаттап тосуп алышты.

Көп кызыктар коштолгон "Тамашоу" Лигасынын чейрек финалы көңүлдүү маанайда жыйынтыкталды. Калыстар тобунун чечими менен 3-орунга "Оригинал" командасы ээ болсо, 2-орунга "Студ лайф" командасы татыды. Ал эми 1-орунду "Ошингтон" командасы багындырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aijamal9487
2017-12-23 06:53:08
Азаматсынар Оштуктар..Икрам ака бар женипсинер да эээ....
+4
Adi.Avazbekov
2017-12-23 07:14:15
Папулярдуулугун жоготуп баратат. Мурдагыдай эл корбой калды. Зал 50%. Башында катуу чыгышкан эле. Теледен качан коет деп кутчу элек. Балким ал кездеги командалардын денгээли башка болсо керек.
+24
Kuduret-Batken
2017-12-23 07:25:12
Adi.Avazbekov,оа кошулам
+7
Mambetali
2017-12-23 08:17:39
Чындыгында кучтуу командалар бар болчу М: Моника, АкОрго Сити,КG 77, No name, Ак Кеме ж.б.
+8
Dembele84
2017-12-23 09:07:48
Чынында ушу тамашоу эле дейт,кызыгып отуруп корбопмун
-4
NURTILEK_KG
2017-12-23 10:25:22
Барган сайын тамашоунун казыгы калып жатат.мурда дисктен болсо да алып корчубуз.азыр болсо коргун деле келбейт.
+10
Aitosh93.kg
2017-12-23 12:02:10
Бат баттан болуп жатып баркын кетирип алдыда кайсынысын коргонунду билбей калдык баары эле окшоштой болуп калды
+2
aikokul14
2017-12-23 12:38:45
Болду эми саат сурамай "оору" башталды.
+5
Gulirka.95
2017-12-25 11:39:32
Men jakshy korgon komandalar jokkgooo emi takyr korboi kalat okshoim tamashownu.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан