19-декабрда Токмок шаарына жана Чүй айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындай чечим аталган аймакта жер астынан чыккан суунун деңгээли көтөрүлүп, үйлөрдүн жер төлөлөрүн суу каптап кеткенинен улам облустук администрация тарабынан кабыл алынган.
Чүй айыл аймагынын башчысы Жантай Шакеевдин SUPER.KG'ге билдирген маалыматына ылайык, жер астынан чыккан суу Чүй айылындагы миңге жакын үйдүн жер төлөсүн каптап кеткен.
"Айылда жалпы 2 миң 500дөй түтүн бар. Айрым көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүнөн чыккан суунун деңгээли 1 метрге жетет", - деди Шакеев.
Ал айылда мындай абалдын жаралганына 2 ай болгонун кошумчалады.
"Буга чейин өз күчүбүз менен тазалап келип, бирок акырында алыбыз жетпей калганда министрликтерге, депутаттарга кабар берип өзгөчө кырдаалдар режимин киргиздирдик. Учурда тазалоо иштери жүрүп жаткандыктан суунун деңгээли 10-20 сантиметрге чейин төмөндөдү", - дейт айыл башчысы.