Грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн мыкты балбандары аныкталды (тизме)

Кечээ, 22-декабрда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) грек-рим күрөшү боюнча Өлкө кубогу старт алды. Анда мелдештин алгачкы күнү балбандар 5 салмак категориясында күч сынашып жеңүүчүлөрдү аныктады.

Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймагынан келген спортчулар мелдештин биринчи күнү 55, 63, 72, 82 жана 97 килограммга чейинки салмак категорияларында беттешти.

Бүгүн, 23-декабрда балбандар 60, 67, 77, 87 жана 130 килограммга чейинки салмак категорияларында кубок үчүн күч сынашууда.

Алгачкы күндүн жеңүүчүлөрү:

55 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Жоламан Шаршенбеков;

2-орун: Сардарбек Конушбаев;

3-орун: Адилет Таалайбеков;

3-орун: Нуртазин Керимберди уулу;

63 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Урмат Аматов;

2-орун: Элмар Талантбек уулу;

3-орун: Элдияр Сатаров;

3-орун: Сыймык Махмудов;

72 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Акжол Махмудов;

2-орун: Жанат Кыйлыбаев;

3-орун: Даулет Айдарбеков;

3-орун: Бексултан Назарбаев;

82 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Атабек Азизбеков;

2-орун: Самат Чоноралиев;

3-орун: Азат Салидинов;

97 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Үзүр Жусупбеков;

2-орун: Бексултан Махмудов;

3-орун: Давлет Рысбек уулу;

3-орун: Абдулазиз Абитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2017-12-23 17:19:10
Кулактарын мантыдай))) Красавчиктер!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан