АКШнын Каржы министрлиги Орусиянын жана мурдагы СССРдин курамынан чыккан мамлекеттердеги 10 чакты "мыйзамдагы ууруларга" каршы санкция салды. Мындай маалымат мекеменин расмий сайтына 22-декабрда жарыяланды. "Кара тизмеге" киргендердин арасында Кыргыз мамлекетинин жараны Камчы Көлбаев да бар.
Ошондой эле "кара тизмеге" Орусиянын, Грузиянын жана Өзбекстандын жарандары киргизилген.
АКШ 21-декабрда да дүйнөдөгү укук бузууларга тиешеси бар деп айтылган бир канча адамдарга жана бир канча уюмга санкция киргизген. Тизмеде Өзбекстандын экс-президенти маркум Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнора Каримова, украиндик "Беркут" полкунун мурдагы командири Сергей Кусюк жана Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайканын уулу Артём Чайка бар.
Айта кетсек, Көлбаевге "адам уурдоо", "мыйзамсыз курал-жарак сактоо жана аны алып жүрүү" сыяктуу оор кылмыш беренелери боюнча айып тагылып, ал 2012-жылы 8-декабрда ал Бишкекке Дубайдан келип, өз ыктыяры менен колго түшүп берип, камакка алынган.