Жаш спортчу оор атлетика боюнча Бишкек шаарынын чемпиону болуп, Жигули утуп алды

Бишкек шаарындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайында оор атлетика боюнча чемпиондук өттү. Анда жалпысынан 200дөн ашуун спортчу катышып, медалдар жана байгелүү орундар үчүн күч сынашты.

Улуулар арасындагы мелдеште Азия чемпиондугуна жолдомо үчүн күч сынашса, өспүрүмдөр арасындагы мелдеште баш байге болгон машина үчүн күч сынашты. Автоунаанын үлгүсү Жигули ВАЗ-2107.

Кызуу мелдештин жыйынтыгында баш байгеге аталган окуу жайдын окуучусу Ишим Муратбек уулу ээ болду. Ал өспүрүмдөр арасындагы таймашта эң көп салмакты көтөрүп 1-орунга татыды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Өспүрүмдөр арасында:

1-орун: Ишим Муратбек уулу;

2-орун: Авазбек Абилов;

3-орун: Адиль Турсунбеков;

4-орун: Элзар Таиров;

5-орун: Нурсултан Муратбеков.

Улуулар арасында:

85 килограмм салмак ченинде:

1-орун: Акбар Ысманов;

2-орун: Адилет Жаныбеков;

3-орун: Элзар Жумашов.

94 килограмм салмак ченинде:

1-орун: Урмат Сыргабаев;

2-орун: Кутман Жакыпбеков;

3-орун: Никита Судос.

94 килограммдан жогору салмак ченинде:

1-орун: Бекулан Мырзабеков;

2-орун: Дастан Жылдызбек уулу;

3-орун: Бекмурза Юнусов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kg_salim
2017-12-23 15:27:17
СССРдин убагындагы жарышка окшош болуптурго
+2
ZhanMM
2017-12-23 16:33:43
Ооба. Олимпиадалык резервдеги окуу жайдын, спорттук мелдеш өткөн жердин ахывалы ушу болсо (сүрөттөгүдөй), калганын айтпай эле коюш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан