22-декабрда Ысык-Көл райондук соту райондогу "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылып, 4 адам каза болгон факты боюнча козголгон кылмыш ишине карата чечим чыгарды. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жактоочулук кылып сотко катышкан Болот Абдырахманов SUPER.KG'ге сот кандай чечим кабыл алганын айтып берди.
Анын кабарлашынча, сот Мерседес-Бенц унаасын башкарып баратып жол кырсыгына күнөөлүү болгон 23 жаштагы кызды 10 жылга шарттуу кесип, 3 жыл унаа башкаруусуна тыюу салды. Сот чечими күчүнө киргенден кийин кыздын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал үйүнө чыгарылат. Анын жүрүм-туруму 3 жыл Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Бишкек шаарындагы Биринчи Май району боюнча жаза аткаруу инспекциясынын көзөмөлүндө болот.
Ал эми унаа ээси Т.Т. аттуу жаран болгон. Ага жабырлануучу тараптар тосмо арыз жазып бергендиктен сот тарабынан жоопкерчиликтен бошотулду.
Жактоочу Абдырахманов "Тез жардам" унаасы боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дооматы сот тарабынан кароосуз калтырганы туура эмес чечим болгонун белгиледи.
"Жол кырсыгына кабылып жараксыз болуп калган унаа 1 миллион сомго жакын акчага 2 жыл мурун эле сатып алынган болчу. Ошондуктан аны төлөтүп алуу үчүн доомат коюлган. Бирок сот дооматты кароосуз калтырды, чогуу эле карап чыгыш керек эле. Соттун мындай чечиминен кийин күнөөлүү тарап унааны төлөп бербей коюшу мүмкүн. Жакынкы күндө соттун чечими колубузга тийсе облустук сотко доо арыз менен кайрылабыз", - деди ал.
Эске салсак, 2017-жылдын 1-октябрга караган түнү саат 3:00 чамаларында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылып, ичинде бараткан 4 адам каза болгон. "Тез жардам" кызматы райондогу Бает айылынан кош бойлуу аялды Чолпон-Атадагы төрөт үйүнө алып келе жатканда Мерседес-Бенц унаасы катуу ылдамдыкта келе жатып "Тез жардам" унаасынын артынан сүзгөн. Натыйжада дарыгерлердин унаасы оодарылып кетип анда бараткан айдоочу, дарыгер, кош бойлуу аял жана анын жакыны каза болгон.
"Тез жардам" унаасынын артынан сүзгөн Мерседес-Бенц унаасын ошол учурда 23 жаштагы Жибек аттуу кыз башкарып бараткан. Кыздын алкоголдук ичимдикти ичкени текшерилип, спирт ичимдигин ичкендиги аныкталган.