Кыргыз мушкери Рафаэль Физиев эрежесиз уруш боюнча мелдеште кореялык мушкерди 1 мүнөттө жеңди

Кореянын Сеул шаарында "Road Fighting Championship" уюмунун алкагында өтүп жаткан мелдеште Кыргыз мушкери Рафаэль Физиев атаандашын 1 мүнөттүн ичинде жеңип алды.

"Road FC 45" мелдешинде 71 килограммга чейинки салмак категорияда Рафаэль Физиев кореялык Нандин-Эрдене менен туш келген. Беттештин жүрүшүндө Физиев басымдуулук кылып, атаандашына сокку узатканга мүмкүнчүлүк берген жок. Беттештин 0:58 мүнөтүндө Физиев буту менен атаандашынын башына сокку жасаган. Нандин-Эрдене өзүн жоготкон маалда Физиев эки сокку менен атаандашын жерге кулатып, токмоктоп жатканда калыс беттешти токтотту. Муну менен Рафаэль Физиев нокаут менен жеңип алды деп эсептелди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
gute
2017-12-23 16:54:21
Корейде тело жокко
0
murat17
2017-12-23 19:31:16
кореянын ХХХХХ да мушташышты билет экенби ээ
+3
Ayida
2017-12-23 23:31:49
Тыртайып турса
0
pondarum
2017-12-24 16:01:35
Жакшы мушташты супер инфо мумкунчулук болсо Рафадан интервью алгылачы неге Кыргызстандын желегин ринге которуп чыкпайсын деп,суроо берсениздер жакшы болот еле,
0
Maks_shop
2017-12-24 23:29:37
Ото кучтуу патриот жигит алгаа
0
Gumu007
2018-01-03 21:53:37
Азамат кыргызстан алга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан