Бүгүн, 23-декабрда футбол боюнча Испания чемпиондугунун 17-турунун алкагында "Эль-Класико" деп аталган беттеш орун алат. Анда мадриддик "Реал" каталониялык "Барселонаны" кабыл алат.
Аталган беттеш Кыргыз жергесинде гана эмес, бүткүл дүйнөдө футбол сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн бурат. Бул беттеште эки клубдун гана беттеши болбой, футболдун мега жылдыздары Криштиану Роналду менен Леонель Мессинин жеке беттеши деп айтууга болот.
Эки команда Испания чемпиондугунун алкагында жалпы 174 беттеш өткөргөн. Анда 72 жолу "Реал" жеңишке жетсе, "Барселона" 69 жолу жеңүүчү болгон. Ошондой эле эки команданын 34 беттеши тең эсепте жыйынтыкталган.
Ал эми жалпы эсепте эки команда 237 жолу беттешкен. Анда 95 жолу "Реал" жеңсе, 93 жолу "Барселона" жеңген. 49 беттеш тең эсеп менен аяктаган.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө старт алат.