Талас районундагы Үч-Эмчек айылынын Рыспек Жолдошбеков аттуу 44 жаштагы тургуну 13-декабрда Орусиянын Түштүк Сахалин аймагында өзү жашап жаткан контейнерден чыккан өрттүн ичинде калып каза болгон. Анын сөөгү учак менен бүгүн, 23-декабрда Бишкекке алынып келгенин жакындары SUPER.KG'ге кабарлашты. Өзүн Рыспек Жолдошбековдун жакынымын деп тааныштырган Акак аттуу кыздын айтымында, Жолдошбеков аталган облуста жүк ташыган КамАЗ айдап иштеп жүргөн.
"Ал киши кайнагам болот эле. 13-декабрь күнү түнкү саат 3кө жакын үй-бүлөсү менен телефон аркылуу байланышкан. Тилекке каршы, ошол күнү өзү жашаган контейнерден өрт чыгып каза болуп калыптыр. Биз каза болгонун эки күн өткөндөн кийин уктук. Орусиянын тергөө органдары экспертизанын өрттөн каза болгон деген корутундусуна таянып, ишти жаап коюшуптур.
Кайнагам 2018-жылдын январь айында Кыргыз мамлекетине чогулткан акчасына жүк ташыган унаа айдап келе турганын айткан экен. Билишибизче 250 миң рубль акча чогултуп өзү жаткан керебеттин астына катып жүргөн", - деди ал.
Ал эми маркумдун сөөгү жакындарынын жана Орусиядагы мекендештердин чогулткан каражаты аркылуу Бишкекке алынып келди. "Орусияда жашаган кыргыздарга рахмат. Жалпы 200 миңдей рубль чогултулуп сөөк Бишкекке жеткирилип, учурда унаа менен Таласка алып келе жатышат. Орусиядагы элчилик, консулдук кызматтарга сөөктү алып келүү боюнча байланышканыбыз менен алар биздин өтүнүчтү жоопсуз калтырышты", - деп кошумчалады.