Бишкек шаарынын Ленин районундагы турак жайлардын биринен жансыз денеси табылган кыз өзүн өзү өлтүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, ал батирде жалгыз болгон. Экспертизанын алдын ала айтылган жыйынтыктары боюнча кыз асынып алган.
Эске салсак, 21-декабрда ӨКМнын куткаруучулары Токтоналиев көчөсүндөгү батирлердин биринин эшигин ачып, ичинен 23-25 жаштар чамасындагы кыздын жансыз денесин тапкандыгы маалымдалган.