Индияда автобус көпүрөдөн дарыяга кулап кетип 32 адам каза болду

Индиянын түндүк-батыш тарабында автобус көпүрөдөн дарыяга кулап кетти. Чет элдик маалымат каражаттары кырсыктан 32 адам каза болгондугун жазууда.

Андагы маалыматтарга караганда, дагы 7 адам жабыркаган, алардын бири оор абалда. Унаа 30 метр бийиктиктен кулаган. Коомдук автобуста негизинен жергиликтүү жүргүнчүлөр болгон жана көпчүлүгү сыйынуучу жайга багыт алышкан.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, кырсыкка айдоочунун башка унааны ашып өтөм деген аракети себеп болгон. Бул учурда ал башкарууну жоготкон. Мындан тышкары жергиликтүү маалымат каражаттары айдоочу 16 жаштагы бала болгон деген кабарды тараткан. Кырсыктан айдоочу да көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
madina.87
2017-12-23 22:00:45
Алладан улук эчнерсе жок.Ар кайсыга сыйынбай,Аллах деш керек.
Жаман иш болуптур
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан