Филиппинде тропикалык катуу шамал болуп, жүздөн ашык адамдын өмүрүн алды. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, дагы ондогон адамдар дайынсыз болууда.
Шамалдын кесепетинен Минданао аралындагы бир нече райондорду, кыштактарды суу каптады. Полициянын билдирүүсүнө таянып жазылган маалыматтарга ылайык, каза болгондордун көбү суу жээктеринен табылган.
Бороон Минданаодон өтүп, Палаван аралынын түштүк тарабын көздөй багыт алган. Жабыркаган райондордо электр энергиялары үзгүлтүккө учурап, байланыш линиялары жарактан чыккан. Шамалдын ылдамдыгы саатына 80 чакырымга жеткен.
Филиппинде тропикалык куюн маал-маалы менен болуп турат.