Футбол боюнча Испания чемпиондугунун 17-турунун алкагында орун алган "Реал Мадрид"-"Барселона" беттеши каталониялык клубдун жеңиши менен аяктады.
"Сантьяго Бернабеу" стадионунда өткөн беттеш Барселонанын 3:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.
1-таймда атаандаштар бир топ ишеничтүү абал жаратканы менен, таамай болбой 0:0 эсебинде дем алууга кетишти.
2-таймдын 54-мүнөтүндө "Барселонанын" оюнчулары чабуулга чыгышты. Ракитич топту Серхио Робертого өткөрүп берсе, Роберто 2 атаандашынын жанынан топту Луис Суареске узатты, Луис таамай сокку менен Кейлор Наваска мүмкүнчүлүк калтырбай эсеп санын ачты.
63-мүнөттө "Реалдын" оюнчусу Даниэль Карвахаль Паулиньонун соккусун колу менен тоскону үчүн кызыл айып кагазын алып, талааны таштаганга аргасыз болду. Муну менен "Барселона" пенальти аткарууга мүмкүнчүлүк алды. Лионель Месси пенальтини мыкты аткарып эсепти 2:0 кылганга үлгүрдү.
Беттештин аягында кошумча убакыттын 3-мүнөтүндө алмашууга чыккан Алеш Видаль Мессинин пасынан соң таамай сокку менен эсепти 3:0 кылды.