Бүгүн, 23-декабрда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) грек-рим күрөшү боюнча Өлкө кубогу жыйынтыкталды. Анда балбандар 5 салмак категориясында күч сынашып жеңүүчүлөр аныкталды.
Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймагынан келген спортчулар мелдештин 60, 67, 77, 87 жана 130 килограммга чейинки салмак категорияларында беттешти.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Каныбек Жолчубеков;
2-орун: Калы Сулайманов;
3-орун: Таластан Канжарбек уулу;
3-орун: Рустам Тейишов;
67 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Роман Царёв;
2-орун: Нургазы Асангулов;
3-орун: Нурмолдо Анарбеков;
3-орун: Шухрат Сайтазимов;
77 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Эсен Асанов;
2-орун: Кайрат Түгөлбаев;
3-орун: Ринат Ильяз уулу;
3-орун: Руслан Царёв;
87 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Азат Бейшебеков;
2-орун: Самат Шырдаков;
3-орун: Калидин Асыкеев;
3-орун: Абдулазиз Ашымбеков;
130 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Мурат Рамонов;
2-орун: Роман Ким;
3-орун: Миляс Марков;
3-орун: Аманбек Токтогонов.