Жалал-Абадда өз итин атып өлтүргөн адамга кылмыш иши козголду

Жалал-Абадда өз итин атып өлтүргөн жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, Сузак районундагы айылдардын биринин 1997-жылы туулган А.Ш. аттуу тургуну өз үйүнүн короосунда Алабай тукумундагы итин атып өлтүрүп, видеосун интернет баракчасына жүктөгөн.

Анын бул аракети коомчулукта катуу талкууга алынгандыктан Жалал-Абад ОИИБи тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлдү. А.Ш. милицияга ити адамдарды тиштеп, коңшуларынын тоокторун жеп, оорулуу иттердей белгилери байкалгандыктан атып салганын, видеону интернетке ушул жылдын сентябрь айында жүктөгөнүн айтып берген.

Ал эми ал колдонгон "Вепрь" үлгүсүндөгү мылтыгы атасына таандык болгону менен куралды сактоого уруксат берген кагаздын мөөнөтү өтүп кеткени аныкталган. Чогултулган документтердин негизинде "жаныбарларга мыкаачылык мамиле жасоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Өз итин атып өлтүргөн жаранга кылмыш иши козголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
amirrus
2017-12-24 16:33:17
ит атып тущсон авторитет болосун эми...тиги жакта
0
boris8907
2017-12-24 16:44:06
Ошондой статья барда өзү, кептер атсан дагы жооп бересин. Эми жакшы адвокат жалдайсын тууганым интернетке жүктөштөн мурда ойлонуш керек эле
+3
saparu
2017-12-24 17:22:39
Озунун итин атса атыптырда же ошого да уруксат сураш керекпи жакында кой сойуптур деп иш козгойт бул кетиште
Ошол ит бироону тиштеп алганда кутурган итти багып журот деп иш козгойт эле акыркы кундору туура эмес эле чечимдер болуп жатат
+2
gulmira96
2017-12-24 17:49:38
Приютка тапшырыш керек болчу,байкуш итти мыкаачылык менен олтурбой. Негизи эле кыргыздар мыкаачы калкпыз жаныбарларга аяр мамиле кылганды билбейбиз.
+1
Adiletia
2017-12-24 22:28:32
gulmira96, даана тантырапсың. Кайдагы приют ойлонуп сүйлөсөң
+2
Matahara1980
2017-12-25 11:17:32
Adiletia,тантырабай эле болот иттердин приюту.
0
jaskaaa
2017-12-25 22:26:04
Matahara1980,Приют кайда тапса болот менин күчүктөрүм көбөйүп кетти. Таштаганга да жүрөк чыдабайт
0
Alixan-Nookat.2015
2017-12-24 19:06:59
Анча мынча оор кылмыш ишин кылгандарга кылмыш ишин козгобой, ит атканга кылмыш ишин козгоптурда
+3
Azatbek83
2017-12-24 21:06:10
Ошонтпесен таанылбайсын.Иттт аткыча мультимилиенерди эле атып салсан жакшы болмок!!!!
0
Kalemger
2017-12-24 21:20:41
Мыкаачы! Мындайлар адам аткандан да кайра тартпайт. Ит атарлар бар го ушундай эле ити кутуруп аткан болсо. Ушинтип рекламалаганы үчүн иттин да убалы тиет, акмак!
+3
Asatilla.1983
2017-12-24 21:43:50
Айылдык ветврачтарга кайрылышкерек
+1
ulua
2017-12-24 22:35:17
Комменттерди окусам мыкаачылар коп экен, тигил келесоо бугун ит аткан колу адам деле атышы толук мумкун,ит деле тируу жандык, андай оорулуу болсо атайын жайлар бар, " усыпление" жолу бар, мыкаачылар!!!Жазасын алсын,акмак, еще видеого тартып адамдардын психикасына доо кетирип атат.
+3
lady.girl7997
2017-12-24 22:52:06
Туура кылыптыр, дагы бироону тиштемек дегендерге тан калам! Ошол итти кучук мезгилинде ал, тиште деп озунор уйротосунор, анан тиштеди деп доодуройсунор. Итти деле кучук мезгилинен тарта тарбияласа болот туугандар! Ит адамдын досу деп бекеринен айтылбайт. Жаныбарларга мыкаачылык менен мамиле кылгандар жазасын алсын!!!
+2
Ak_Bulut
2017-12-24 23:16:06
Кереги жок итти атпаганда эшектей соймок белек, андан коро кийик уларды аткандарды айткыла
0
raykray
2017-12-24 23:28:32
Иш-козголотда кызыксынар, атыш керек беле ооруусу барбы? Кабанакпы? Элдер арызданганбы карайтда? Экинчиден кыйынсынып видеого тартып жуктобош кк, балким ээси ооруулудур бир кун ошентип адамды атып корот ?!
0
pat12
2017-12-24 23:47:11
Итин мага берсе болмок. Алабай ит эн жакшы иттерден
+1
admin_superstan
2017-12-25 09:50:37
Adiletia, провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
ROZA-87
2017-12-25 12:39:57
Атса озунун итин атты. Бироону тиштеп алса эмне болот эле. Ошого да кылмыш ишин козгойт беле тообо. Биздин итти да бироо машина менен сузуп кетти эле олуп калды. Мен милицияга бербедимго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан