Кыргыз Республикасынын Дзюдо улуттук федерациясы жыл жыйынтыгын чыгарып, Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунун жеңүүчүсүнө белекке автоунаа берди.
Бишкек шаарында өткөн жаштар арасында боюнча Азия чемпиондугунда жеңишке жеткен спортчу Адиль Мырзаев федерациянын атынан Субару Легаси үлгүсүндөгү машина белекке алды.
Белгилей кетсек, жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпиондугу Бишкек шаарында 13-14-июль аралыгында өткөн. Анда Адиль Мырзаев 73 килограммга чейинки салмак ченинде жеңүүчү болгон.