
Кезинде 5 салмак ченинде Дүйнө чемпиондугун багындырган боксчу
Флойд Мейвезер белгилүү баскетболчуга 1 миллион долларга мелдеш өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, 40 жаштагы Флойд Мейвезер белгилүү баскетболчу, НБАнын 5 жолку чемпиону Коби Брайнтга баскетболдук беттеш өткөрүүнү сунуштады.
"Мен сени менен 1 миллион долларга бирге беттеш өткөрүүгө даярмын", - деп жазган Мейвезер социалдык тармактагы баракчаларынын бирине.
Айта кетсек, Флойд Мейвезер жана Коби Брайнт учурдагы эң бай спортчулардын катарына кирет.
Эске салсак, Флойд Мейвезер 27-августта Лас-Вегас шаарында UFC уюмунун чемпиону Конор Макгрегор менен беттешкен. Анда боксчу 10-раундда Макгрегорду техникалык нокаут менен жеңип 100 миллион доллар гонорарга ээ болгон.