Бишкек шаарындагы Чүй-Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Анда эл ташыган унаа - автобус менен жеңил машина кагышты.
"Эки унаадан тең айдоочулар түшүп чырдаша кетти. Жеңил унаанын айдоочусу ачууланып автобустун айдоочусун чаап жиберди", - деп билдирди кырсыктын күбөсү.
Жол кырсыгы бүгүн, 24-декабрда саат 21:30дар чамасында орун алган. Окуя болгон жерге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери чакырылды.