Аламүдүн районунда турак үйдөн өрт чыгып, 1 адам түтүнгө ууланды

Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылынын Больничная көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

"Окуя 25-декабрда орун алды. Өрт чыккан турак үйдүн 15 чарчы метр жыгач балкону, 2 даана муздаткыч, кир жуучу машина, плазмалык сыналгы, электр плитасы, аристон, стол күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон. Өрттүн кесепетинен 1987-жылы туулган С.Э.Н. аттуу (эркек) жаран түтүнгө ууланып, туугандары тарабынан ооруканага жеткирилген. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан аталган жерден 10 адам эвакуацияланган", - деп билдирет аталган кызмат.

Өткөн сутка ичинде өлкө боюнча жалпы 15 өрт кырсыгы катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан