Жакында эле Казакстандын белгилүү ырчысы Төрегали Төреалинин концерт учурунда тартылган видеосу коомчулукка желдей тарап, кызуу талкууга алынды. Анда ырчы аталган өлкөнүн Павлодар шаарына концерт коюп келген. Концерт учурунда күйөрмандары менен сүрөткө түшүп жатса, улуу муундагы киши анын сүрөткө түшпөй, ырдоосун талап кылган. Ошол учурда ырчы ачууланып, төмөнкүдөй жооп берген.
"Мен эмне силерге үйдөгү көйгөйлөрүм тууралуу айтып жатамбы? Жакпаса чыгып кеткиле, мен таарынбайм. Мен эч кимди концертиме келүүгө мажбурлабайм. Сиздин таарынычыңыз орунсуз. Жакпаса чыгып кетиңиз", - деген ал.
Анын бул сөздөрү интернет айдыңына тараган соң ырчынын бул кылыгына ачуулангандар көбөйүп, анын Павлодар элинен кечирим суроосун талап кылышкан. Ал гана эмес, аталган өлкөдөгү радиолордун бири ырчы элден кечирим сурамайынча анын ырлары эфирден кетпей турганын билдирген.
Мындан улам Төрегали Төреали өз ой-пикири менен бөлүшкөн.
"Мен ачууга бат алдырып жиберем. Ал адамга кыйкырып алган соң көпкө чейин жаман болдум. Аны таап, кечирим сурагым келди. Бирок тапкан жокмун. Ошентсе да жалгыз мени күнөөлөгөн туура эмес. Ал абдан жүрөккө жете турган сөздөрдү айткан. Видеодон анын сөздөрүн кесип салышыптыр", - деген ырчы.