Кыргыз өлкөсүндө алгачкы жолу жаш балдарга арналган фантастикалык тасма тартылды

Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу жаш балдарга арналган фантастикалык тасма тартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына фильмдин режиссёру Сүйүн Откеев билдирди.

Анын айтымында, "Жетикс" деп аталган кино ушул жылдын апрель айынан тарта Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында тартылган.

"Байкасак, өлкөдө таптакыр балдарга арналган кызыктуу тасма жок экен. Мындан улам фильмдин продюсери Курманбек Жолдошевдин сунушу менен ушул кинону тартууну туура көрдүк. Фильм фантастика жанрында болгондуктан атайын эффекттер менен айрым эпизоддору 3D форматында тартылды. Балдарга арналган тасманы тартуу башка тарткан фильмдериме караганда оор болду", - дейт ал.

Ошондой эле тасманы алгач "Жети икс" деп аташмак болуп, кийин эки сөздү кошуп "Жетикс" деп атоону туура көрүшкөнүн кошумчалады.

"ЖЕТИКС" тасмасы - трейлер (2018)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
zhaku2017
2017-12-25 12:15:29
Правильно. Сейчас кино и лучшие мультфильмы правильно воспитывает нашего общества. На сегодня детей одними красивыми словами не можеш воспитывать. Только искуство(спорт, кино, музыки),культура, и самое главное образование лучше воспитывает детей.
-2
admin_superstan
2017-12-25 12:17:03
zhaku2017, кыргыз тилинде жазууну сунуштайбыз.
+6
oshmu
2017-12-25 13:03:23
Кинотеатрларга качан чыгат экен.
0
barsbegKG
2017-12-25 17:46:05
oshmu,жазылып турат го
0
Ulanbek1992
2017-12-25 13:19:21
Кыргыздардын киносунун трейлерлери күчтүү чыгат ар дайым. Бул кандай болот экен....
+1
pat12
2017-12-25 14:13:29
Голливуддун чон сыйлыктарга татыган мультиктерин кинолорун кыргызчага сапаттуу которуп, коргозусо деле болмок. Тарбиялык мааниси жакшы кинолор абдан коп. Мультфильм тартыш кинодон дагы кымбат турат.
0
OMURBEK.
2017-12-25 15:29:01
Эн жакшы
+1
barsbegKG
2017-12-25 17:43:25
Карлыгаш эмес Карлыгач болуш керек эмес беле???
0
Ferdews
2017-12-26 13:57:01
Кинодогу, кыргызча-орусча аралаш суйлогондору менин эле кыжырымды келтиреби же башкалардын делеби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан