Мурдагы коргоо министри Өмүралиевге 5 миллион сом айып салынып, генерал-майор аскердик наамынан ажыратылды

Мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге 5 миллион сом айып салынып, генерал-майор аскердик наамынан ажыратылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту 22-декабрда чыгарды.

Бул тууралуу SUPER.KG`ге Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

"Судья Абдразак Боронбаев Өмүралиевди "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айып салып, аны генерал-майор аскердик наамынан ажыратты. Ал эми ага карата "кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" беренеси боюнча коюлган айып далилденбегени үчүн сот Өмүралиевди бул берене боюнча кылмышка тиешеси жок деп тапты", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Таалайбек Өмүралиев аскер кызматкерлерине бөлүнгөн батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деп айыпталган.

Белгилей кетсек, 2014-жылы аскер прокуратурасы Жал кичи районунда Коргоо министрлиги тарабынан аскер кызматккерлерине бөлүнүп берилген батирлер боюнча териштирүү жүргүзгөн. Көзөмөл кылуучу орган териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча жооптуу кызматкерлерге карата "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмалуулук", "кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
RusMos76
2017-12-25 12:54:17
Мындайлар толтура болгон,мен да башка структурада иштегем убагында, бериле турган ссудалар секретаршаларга биринчи берилет эле озу.
+1
gute
2017-12-25 13:01:48
Эмнеге Мугалим, Врачтарга уй бербейсинер? УКМК, Соттор, Милициялар, Военныйлар баарына тен берилип жатат.
+2
pat12
2017-12-25 14:25:24
Бийлик ыйгарым укуктарды абийри таза адамга бериш керек. Бизде конбун эсе бийликти туугандарына, жердештерине, досторуна, акчасы копторго берип салышат.
+1
mts0001
2017-12-25 16:11:09
мына коррупциионер экен
+1
Azatbek83
2017-12-25 16:48:21
Жакында Ашанын баатырлыгын эксин тартып иниси генерал майору татыксыз ага кошо укмканын башчызын да званясын алат
+2
Taalaibek.
2017-12-25 18:21:28
Карапайым адамдарга качан берилет болду экен?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан