Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кечээ, 24-декабрда баскетбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Лигадагы чемпиондугунун 2-туру орун алды. Анда "Гиннес 29", "Политехник" жана "Мой телефон" командалары алгачкы атаандаштарын жеңди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баскетбол федерациясынын башкы катчысы Тимур Талканбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, 2017-2018-жылдын жаңы сезонунда алгачкы жолу 2 лигада мелдештер өтүүдө. Анда Жогорку Лигада 7 команда таймашса, Биринчи Лигада 13 команда күч сынашууда.
Жогорку Лигадагы командалардын тизмеси:
Биринчи Лигадагы командалардын тизмеси:
Жогорку Лигадагы 2-турдун жыйынтыгы:
"Политехник"-"Тулпар СКИФ" - 71:69
"Гиннес 29"-"Гризли" - 87:56
КТУ "Манас"-"Мой телефон" - 57:85
Биринчи Лигадагы 2-турдун жыйынтыгы:
"Манас"-"Кемин" - 93:56
"Токмок"-"КСТУ колледж" - 84:21
"Цементник"-"KG 312" - 60:74
"КГЮА"-"Политехник 2" - 46:81
"Тулпар СКИФ 2"-"Тоо Таш" - 65:60.